Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 30дай Кыргыз жараны массалык түрдө ууланды. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, 3-октябрда таңга жуук полицияга Адмирал Лазарев көчөсүндөгү жатаканадан Кыргызстандын 27 жараны, "Прайдекс" ЖЧКсынын жумушчулары ооруканага жаткырылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Алар ичеги-карын инфекциясынын белгилери менен ооруканага жаткырылган. Абалдары канааттандырарлык жана орто оор.