Адахан Мадумаров Кемпир-Абаддын берилишине жергиликтүү депутаттар каршы чыкканын билдирди

Өзгөн районундагы эки айылдык кеңештин депутаттары Кемпир-Абад маселесине каршы добуш беришти. Бул тууралуу депутат Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Кечээ мен ошол жерде айылдык кеңештин депутаттарынын чечими керек деп талап кылдым эле. Себеби жердин ээси эл. Биздин ушул саатка алган маалыматыбызга караганда 2 айылдык кеңештин депутаттары толугу менен бир добуштан каршы добуш беришти. Анын үстүнө элдин нааразычылыгы күчөп, анча-мынча өздөрүнүн иш-чараларын уюштуруп жатса, түнкү саат 1де ошолорго күч колдонуу менен боз үйлөрүн жыйнаштырып, жакшы эмес иш-аракеттер болду", - деди Мадумаров.

Адахан Мадумаров Кемпир-Абаддын берилишине жергиликтүү депутаттар каршы чыкканын билдирди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан