№31 абакта ЖАКтын борбордук ооруканасы курулуп жатат

Жаза аткаруу кызматынын борбордук ооруканасынын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу медициналык борбордун жетекчиси Азиз Аалиев билдирди.

Маалым болгондой, оорукана Чүйдүн Молдованка айылында курулуп жатат. Жаңы мекеме 275 орунга ылайыкталган. Имарат заманбап жабдуулар менен жабдылып, бир нече бөлүмдөрдөн турат. Алар: хирургиялык, операциялык, терапиялык, нейропсихиатриялык жана наркологиялык бөлүмдөр.

Ошондой эле оорукана комплексинин аймагында үч имарат орун алат. Борборлоштурулган стерилизация бөлүмү, кубаттуу откана жана коомдук тамактануу имараты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан