"Уят болуп каласыңар, тынч болгула". Садыр Жапаров Кемпир-Абад боюнча билдирүү жасады

Өлкө башчы Садыр Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жасады.

Президент өз билдирүүсүндө талаш болгон жерлердин 99 пайызы Кыргызстанга өткөнүн билдирди.

"Чындык эшикке чыкканча, калп дүйнөнү эки жолу айланып келет! Урматтуу кыргызстандыктар! Бул кайрылууну жасаганга аргасыз болуп турам. Кечээ күнү Өзгөнгө барып, эл менен жабык эшик артында сүйлөшүп Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек араны такташуу меселесин адамча түшүндүрүп бердим. "Биз залга батпай калдык" деген 300дөй кишини экинчи этап менен залга киргизип, дээрлик бир күн, эртең мененки саат 10:00дөн баштап кечки саат 17:00гө чейин, 7 саат бою так документтер, илгерки келишимдер менен түшүндүрүп бердик.

Эмне үчүн жабык эшик артында карап жатканыбызды дагы адамча түшүндүрүп бердик. Кудай буюрса, жакын арада келишимге кол коюлуп, парламенттен өтүп, келишим бузулгус болуп бекигенден кийин кайсы жерлер бизге өткөндүгү ачыкка чыгат. Жалпы эл чыдап күтө тургула. Негизинен талаш жерлер дээрлик 99 пайыз биз тарапка өттү. Кемпир-Абадды буга чейин толук Өзбекстан тарап көзөмөлдөп келсе, эми мындан ары 50/50 үлүштөгү биргелешкен ишкана түзүп, плотинаны чогуу башкарабыз деген келишимге келдик. Суунун деңгээлин 908 горизонттон 900 горизонтко түшүрдүк. Ошондо көлдүн жээгинен 1246 гектар жер бошоп, бизге өтүп жатат. Ал жерди ошол жерде жашаган элибиз түбөлүк айыл чарба багытына колдонушат. Калган чек ара жерлери боюнча мен жогоруда айткандай, кийин угасыздар.

Сүйүнүү, кубаныч менен кабыл аласыздар. Бизге рахмат айткандан башка эч бир доомат арта албайсыздар. Биз бир сантиметр жер берген жокпуз. Тескерисинче алдык. Жүз жылдан кийин дагы биздин эмгек, биздин чечим ак жана кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгы үчүн болгонун тарых тастыктап берет. Биз Каркыра, Төрт-Көчөнү берген чыккынчылардан эмеспиз. Ошондуктан Кемпир-Абаддын тегерегине чыгып алып бузукулук кылып жаткандарга катуу эскертем, эсиңер барда этегиңерди жыйгыла! Тартип сакчыларына буйрук берем, элди козутабыз деп бузукулук кылып жаткандарга мыйзам чегинде катуу чараларды көргүлө. Эркелегендин дагы чеги болот. Чектен ашып кетишти. "Залга батпай калдык, биз түшүнбөй калдык, маалыматыбыз жок" деп жалган сүйлөп, боз үй тигип жаткандар, Өзгөн акимчилигине келгиле. Күнү-түнү дебей ар бир жараныбызга документтер менен баарын көрсөтүп, түшүнүгү жок болсо дагы мээлерине куюп, түшүндүрүп беребиз.

Кечээки жыйындын аягында добушка салганымда адамча түшүнгөндөр колдоп беришти. Добушка койгондо залдын баары макул, сегиз киши каршы болду. Албетте, каршы болгондор кимдер экенин, эмне максатты көздөп жаткандарын жакшы билебиз. Андай арам ойлуу максатыңардан кайткыла. Бийлик башына келип, отуз жылдан бери ашкере эркелеп жүрүп мамлекетибизди жок кылып же толук көз каранды мамлекетке айлантып ала жаздаганыбызды көрдүм. Андайга жол бербейбиз. Жакын арада баары бүтөт. Ачыкка чыгат. Ошондо чек ара маселеси 99 пайыз биздин пайдабызга чечилгенин билип, өзүңөр эле эл алдында уят болуп каласыңар, туугандарым. Тынч болгула!", - деп жазды Садыр Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Antiradikal11
2022-10-06 10:52:00
Эй АФЕРИСТ! Элдин жердин тагдырын озундун бир ууч дакансаларын менен чечип калдынбы?! Элдин пикирин билгин келеби? Референдум откор! Кемпирабад бир ууч дакансанын же Камчы экоондун жерин эмес атанардан калган! Бул кыргыздын жери, жалпы кыргыз элинин жери! Эл айтат оз созун референдумда! Залга бир ууч дакансаны чогултуп алып мына, колдоду дебестен!!!
+6
Antiradikal11
2022-10-06 10:56:00
Горизонттлрунду жыйыштыр! 900 эле эмес, нолунчу горизонтко чейин баары кыргыз элинин жери... Камчы экоон Озбекистан тарап Кыргызстанга 60-70-жж палан жерлерди бериптир деп жатасынар. Алар Кемпирабаддын орду суу толтурулуп айдоо жери болбой калганы учун компенсация катары тигил жерлерди беришкен. Бирок алмашуу тууралуу соз болгон эмес! Компенсация менен алмашуу эмне экенин тушунбосон кайсы арына президент болуп отурасын?!
+5
Antiradikal11
2022-10-06 10:58:00
Силер Озбекистан бизге бергени жатат деген 16 мин гектар жер кыргыздын жери. Союз убагында озбектерге жайыт катары убактылуу арендага берилген жерлер. 90-жж башында Озбекистан аларды озунуку кылып тосуп алышты, Акаев оозун ачып отурганда.....
+4
Antiradikal11
2022-10-06 11:01:00
Ошол оз жерлерибизди кайтарып алгандын ордуна, Кемпирабадды бере калалы дегенинер акмакчылык..... 2 кичине бала ойноп жатып бири экинчисинин оюнчугун алып койсо, ошол оюнчугун кайтарып алуу учун озунун башка оюнчугун берип, биринчи оюнчугун кайтарып алган кичине балага окшоп жатат 2 дос...............
+4
Antiradikal11
2022-10-06 11:04:00
Ала-Букадагы Орто-Токой суу сакиагычын да Озбекистан озунуку кылып колдонуп келди эле, Атамбаев бийликте турганда эптеп озубузго кайтарып алдык болчу. Эми кайра аны да Озбекистанга биротоло бергени жатат 2 дос. Кемпирабадга кошуп........
+6
Antiradikal11
2022-10-06 11:07:00
Силердин жомогунарды уга берип тоюп буттук...... Баткенди тажиктерге ачып коюп эми озбектерге жер, суу берели деген ниетинер таш капсын. 1 метр жерибизди бербейбиз!!! Эгер элдин пикирин билгин келсе референдум откор, бир ууч дакансанды реклама кылбай!!! Жер-Суу элдики, Камчы экооно атанардан мурас калган эмес!!! Эсинер болсо элдин сабыры менен ойнобогула!!! Силерди бийликке эл алып келген, сабыры тугонгон куну эл кууп чыгат экоонду...
+4
Antiradikal11
2022-10-06 11:38:00
Кыргыздын жери, суусу кетип жатса, кантип эл унчукпай калат? Элдин баарын мадумаровчу корсотпой, акылынарга келгиле... Бул жер-суу Мадумаровко эле эмес же башкасына, элге керек баарынан. Ата-бабасы канын тогуп салгылашып журуп эли-жерин сактап, бизге мураска откоруп берсе, биз аны урпактарыбызга бергендин ордуна озбектерге кармата бергенибиз кечирилгис акмакчылык эмеспи?!!
+3
Antiradikal11
2022-10-06 11:38:00
Жер-суунун берилигине элдин копчулугу каршы! Каршы болгондор арасында бир эле мадумаровчулар эмес, сени, Камчыны колдогондор да толтура. Эч киминерди колдобогондор да толтура... Анан бут соц.тармактагы тролллдор армиянар менен Кемпирабад бир эле Мадумаров жана мадумаровчуларга керек дегендей жалган жалаанарды токтоткула! Кемпирабад баарыбызга керек. Ал ата-бабабыздан мурас калган жер.
+5
bosmos77777
2022-10-06 12:35:00
Жалган айтпай. Ачык эле калын Элге айтпайсынарбы??? Менимче Силер бийликке келгенде. Мыйзамсыз болуп турганда. Дуйно тааныш учун Озбектерге чуркап баргансынар. Жок дегенде Силер бизди колдоп тургула деп. Ошондон Озбектер суу сактагычтарды чечип алды. Орто токойду бердинер. Азыр Кемпир абатты бергинер бар. Ото шашылыш. Мирзеевдин келишине белек кылып. Бийликте калыш учун. Баткен учун жоопкерчилик жок. Баткенди унутуп. Озбек учун курош журуп атат
+2
Lev79
2022-10-06 13:46:00
900горизонт болгондо Өзгөн Жалал абад жолундагы Ана кызыл айылынан өткөндөгү жолдун жээгине келип жетет Ошондо Өзгөндө күркүрөгөн улак болбой калат экенда эми Садыр зек ал жер 0-горизонттон бери Кыргыздыкыго эмне жаныңды жейсин.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан