Жогорку Кеңеште "Ата-Журт-Кыргызстан" фракциясына кирген, бир мандаттуу округдардан шайланып келген 14 депутат өзүнчө бөлүнүп "Мекенчил" деген депутаттык топ түзүштү. Бул тууралуу депутат Элмурза Сатыбалдиев 6-октябрдагы парламент жыйынында билдирди.
Сатыбалдиев депутаттардын бөлүнүп чыгышына аталган фракциянын буга чейинки лидери Нурлан Шакиевдин спикер болуп шайланышы жана ички өзгөрүүлөр негиз болгонун билдирди.
Ошондой эле "Ата-Журт-Кыргызстандын" лидери болуп Бакыт Сыдыков дайындалганын маалымдады.
"Ата-Журт-Кыргызстанга" жалпысынан бир мандаттуу округдардан шайланган 18 депутат кирген. Аймактардан шайланып келген 13 депутат буга чейин "Элдик" деген топко бириккен.