Өзгөн шаарында 4-октябрда өткөн Кемпир-Абад маселеси боюнча жыйынга эч кимди бөлбөстөн бардыгы киргизилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улугбек Ормонов айтты.
"Мен Өзгөн шаарындагы жолугушуу боюнча оюмду айтып коёюн. Президентибиз, УКМК башчысы Камчыбек Кыдыршаевич жана биз, 10дон ашуун депутаттар ошол жыйынга катыштык. Жыйынга соцтармак аркылуу дагы "Келгиле" деген чакырыктар болгондуктан ар тараптан кишилер келгендиги белгилүү болду. Бирок чындык үчүн айта кетиш керек, сыртта эч ким калган жок.
Биринчи жолугушууда залга батпай калгандарды атайын экинчи этап менен дагы толук киргизип, болгон келишимдер боюнча толук түшүнүк берилди. Негизи эч кимди бөлүп-жаруу болгон жок", - деди Улугбек Ормонов.