Баткен облусуна жардам көрсөтүү үчүн ачылган атайын эсепке 315 миллион сомдон ашык которулду. Жалпы 3 миң 724 акча которуу болгон. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирет.
Расмий маалыматка ылайык, Баткен облусунда калабада жабыркагандар үчүн чогултулуп жаткан акча азырынча сарптала элек.
Аны туура бөлүштүрүүгө президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү жооптуу болору кабарланган.
14-16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта 63 Кыргыз жараны курман болуп, эки жүзгө жакыны жараКат алды. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашкан. Талкаланган турак жайлардын саны 661ге жеткен.
Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 6-октбярда 300гө жакын үйдүн орду урандыдан тазаланганын кабарлады.