Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 600 миллион доллар берет

Жакынкы беш жылда Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 600 миллион доллар каражат берүүгө ниеттенип жатат. Бул туурасында Дүйнөлүк банктын операциялар боюнча башкаруучу директору Аксель ван Троценбург Бишкек экономикалык форумунда билдирди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен маалымдашты.

Ал өлкөгө колдоо алкактык программага ылайык көрсөтүлөрүн айткан. Мындан сырткары Кыргызстанга өлкөнү калыбына келтирүү стратегиясын биргелешип иштеп чыгуу үчүн келгенин билдирген.

Маалым болгондой, Дүйнөлүк банк 30 жылдын аралыгында Кыргызстанга 2,7 миллиард доллар өлчөмүндө каржылык жардам көрсөткөн.

Дүйнөлүк банктын операциялар боюнча башкаруучу директору Аксель ван Троценбург мамлекет башчысы Садыр Жапаров менен кечээ, 5-октябрь күнү жолуккан. Анда өнөктөштүктүн артыкчылыктуу багыттары жана Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын жакынкы жылдардагы кызматташуусунун келечеги боюнча пикир алмашуу болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
minchynar
2022-10-06 13:52:00
Емне бул карызбы ошондо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан