Президент Садыр Жапаров кечээ, 5-октябрда Дүйнөлүк банктын Операциялык иш-чаралар боюнча башкаруучу директору Аксель Ван Троценбург башында турган Дүйнөлүк банктын делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлайт.
Маалым болгондой, анда өнөктөштүктүн артыкчылыктуу багыттары жана Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын жакынкы жылдардагы кызматташуусунун келечеги боюнча пикир алмашуу болду.
Мамлекет башчысы Дүйнөлүк банкка өлкө экономикасын өнүктүрүүгө болгон колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, каржы институту көп жылдардан бери өнүктүрүүнүн бардык негизги багыттары боюнча олуттуу жөлөк-жардам көрсөткөн мамлекеттин маанилүү өнөктөшү экенин кошумчалады.
Садыр Жапаров кызматташтык түптөлгөнүнө 30 жыл болгонун белгилеп, Дүйнөлүк банк менен мындан аркы тыгыз, жемиштүү өз ара аракеттенүүгө бекем ишенимин билдирди.
Жапаров Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу агрессиясына байланыштуу соңку окуялар Баткен облусунун жарандык жана социалдык инфраструктурасынын ири кыйроолоруна алып келгенине өзгөчө көңүл бурду. Азыркы учурда өлкөнүн аймактарынын, өзгөчө Баткен облусунун экономикасын комплекстүү өнүктүрүү артыкчылыктуу милдеттердин бири болуп саналат.
Ошону менен бирге Кыргызстан аймакты калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган “Баткен облусун 2021-2035-жылдарга өнүктүрүү программасын” ишке ашырууга бекем ниеттенүүдө.
Дүйнөлүк банктын тажрыйбасын жана эксперттик мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен, президент Садыр Жапаров каржы институтунун көңүлүн агроөнөр жай комплекси, туризм, жеке секторду колдоо, транспорт жана энергетика, анын ичинде энергияны кайра жаратуучу булактар сыяктуу кызматташтыктын багыттарына бурду.
Өз кезегинде Аксель Ван Троценбург белгилегендей, учурда Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосунда орто мөөнөттүү мезгилге жаңы Алкактык өнөктөштүк программасын иштеп чыгуу боюнча иштер жүрүп жатат.
Ал бул иштин алкагында Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары менен тыгыз кызматташууга даяр экенине ишендирди.
Мындан тышкары, Дүйнөлүк банктын башкаруучу директору саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, адам укуктары маселелерине көңүл бурду.
Жолугушууда энергетика жана социалдык өнүктүрүү тармагындагы долбоорлор боюнча келишимдерге кол коюлду.
Документке кыргыз тараптан каржы министри Алмаз Бакетаев, Дүйнөлүк банктан Борбордук Азия боюнча регионалдык директору Татьяна Проскурякова кол койду.