Бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар депутаттар министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров келип төрт министрликтин ордуна жаңы министрлерди шайлоону айтып, Жапаровдун келишин талап кылышты.
Сөз алган депутат Аида Исатбек кызы "Баарыңар билгендей Акылбек Үсөнбекович өзүнүн кызыкчылыгы барда гана Ак Үйдө таңкы саат 08:00дөн түнгө чейин жүрөт. Кечээ Акылбек Үсөнбекович баш болуп, Зулушев төш болуп төраганы шайлаардын астында Ак Үйдүн ичинде жүрүштү. Бүгүн министрликти шайлаарда, кандайдыр бир суроолор болгондо же биз чакырганда келишпейт. Келип биздин суроолорго жооп беришсин", - деди Исатбек кызы.