
Бүгүн, 6-октябрда “Достук-автожол” көзөмөл-өткөрүү пунктунда унаалардын жана адамдардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-октябрда “Достук-автожол” көзөмөл-өткөрүү пунктунда капиталдык курулуш жана имараттарды оңдоо иштери аяктагандыгына байланыштуу чек арага чектөө киргизилди. Буга байланыштуу өткөрүү пунктунда адамдардын жана унаалардын тыгыны күтүлөт.
Алсак, бүгүн, 6-октябрь саат 12:00гө карата "Достук-автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктунда жүргүнчүлөрдүн агымынын көбөйүшү жана унаалардын тыгыны байкалууда.