
Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында "Социалдык келишим" долбоорунун алкагында аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.
Маалыматка ылайык, долбоордук сынакка "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алуучу жумушсуз, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр катышып, бизнес-идеяларын сунуш кылышкан.
"Сынактын жыйынтыгында 50 үй-бүлө мамлекеттен 100 миң сомдон жардам алып, өз бизнес-идеяларын ишке ашыра башташты.
Андагы бизнес-идеялар: мал чарбачылыгын өнүктүрүү (сүт азыктары жана багып сатуу), тигүү цехтери, пескоблок иштеп чыгаруу цехи, азык-түлүк дүкөнү, мөмө-жемиш кургатуу цехи, күнөсканалар.
Жеринде Эргешбай Жалалитдинов ачкан пескоблок цехи жана Асель Чыныкеева ачкан тигүү цехтери менен таанышып жаш ишкерлерге кеп-кеңештер айтылды", - деп айтылат маалыматта.
Маалымат үчүн: Каражат Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулдун алуучулардын арасында берилүүдө. Каражат алган үй-бүлөлөр ишкердик баштап, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн катарынан чыгууга аракет көрөт.