Тажикстандын Ворух аймагынын милиция кызматкерлери Баткен районунун Ак-Сай айылынын жашоочуларына таандык болгон 14 жылкы жана эки автоунааны өткөрүп берди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Кабарлангандай, мүлктү тажик тарап Кыргызстандын аймагына куралдуу кол салуусу учурунда алып кеткен.
Үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрь күндөрү Тажикстандын агрессиясынын кесепетинен 63 Кыргыз жараны каза болгон. Жарадар болгондор 200дөн ашып, 140 миңге жакын жаран коопсуз жайга кетүүгө аргасыз болгон.
Ал эми облус боюнча 661 турак жай зыян тартса, анын 423ү жашоого жараксыз болуп калган, 238 үй оңдоп-түзөөдөн өткөрүлмөкчү.
Өлкө бийлиги 2-3 айдын ичинде жаңы үйлөрдү салып берүүнү убада кылууда.