Бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңеште төрт министрликке, тагыраагы Билим берүү жана илим, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты, Энергетика жана Транспорт министрликтерине талапкерлер каралууда.
Өз кезегинде Жогорку Кеңештин депутаттары министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевден мурдагы төрт министр эмне себептен кызматтан кеткенин сурашты.
"Билим берүү жана Энергетика министри боюнча сиздер дагы жакшы билесиздер. Бул түздөн-түз президенттин ыйгарым укугу. Ал ошонун негизинде чечти. Ал эми Транспорт жана Маданият министрлери өз каалоосу менен арыз жазып, президентке кирип, сүйлөшүштү. Президент ошонун негизинде чечим кабыл алды. Бүгүн жаңы министрлерди берди. Эми сиздер колдоп берсеңиздер дайындайбыз", - деди Бакыт Төрөбаев.
4-октябрда президенттик аппарат төрт министр кызматтан алынганын билдирген.