Тажикстандын агрессиясы: Баткенде үй-жайсыз калгандарга акча каражаты бериле баштады

Баткенде Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам үй-жайынан ажыраган жарандарга акча каражаты бериле баштады. Бул тууралуу президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.

Кабарлангандай, акча каражаты эки этап менен үй-жайсыз калган 423 үй-бүлөгө берилет. Биринчи этапта 200 миң сомдон, экинчи этапта 100 миң сомдон берилет. Бул сумманын баары эл тарабынан атайын эсепке чогулган каражаттын эсебинен берилет. Буга чейин Баткенге жардам берүү үчүн ачылган атайын эсепке 312 миллион сом түшкөнү кабарланган.

"Акча каражаты бүгүндөн баштап бериле баштады. Бул каражат үйсүз калган жарандар жаңы үйлөрү курулганга чейин жашап туруу үчүн гана берилип жатат", - дейт облус башчысы.

Учурда чек арадагы куралдуу кол салуудан жараксыз болгон 423 үйдүн орду тазаланып, жаңы курулуш үчүн жайлары даярдалып жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги муктаждык болгон жерлерге атайын жылуулатылган чатырларды орнотуп жатат.

Ушул жылдын 14-17-сентябрь күндөрү тажик тараптын куралдуу кол салуусунан Баткенде 661 турак жай зыянга учураган. Анын 423ү жашоого жараксыз болсо, 238 үй оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бийлик жаңы үйлөрдү эки-үч айда курууну убада кылууда.

Буга чейин өкмөт чек ара аймактарын кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү үчүн республикалык бюджеттен 3 миллиард сом каралганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан