Депутат министрлик кызматка талапкерлерге: "Же уланасыңар, же камаласыңар"

Бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңеште төрт министрликке, тагыраагы Билим берүү жана илим, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты, Энергетика жана Транспорт министрликтерине талапкерлер каралууда.

Депутат Балбак Түлөбаев 4 талапкерге эч кимди укпай таза иштегиле деген кеңешин берди.

"Силердин эки эле жолуңар бар. Таза иштейсиңер, алкыш аласыңар уланасыңар, же камаласыңар. Силер камалганда силерге өлкө башчы дагы, өкмөт башчы дагы, ушул жерде отурган депутаттар жардам бербейт. Жалгыз каласыңар. Ошон үчүн таза иштешиңер керек", - деди Балбак Түлөбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан