Борбор калаанын мэриясы унаа тыгыны маселесин чечүү жолдорун талкуулады. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, шаардык муниципалитетте мэр Эмилбек Абдыкадыров менен ARTEMIS жол кыймылын башкаруу интеллектуалдык тутуму боюнча япониялык Marubeni Corporation, Marubeni Protechs Corporation жана Kyosan Electric MFG Co., Ltd компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту.
"Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар долбоорду ишке ашыруунун этаптарын жана шарттарын талкуулашты. Коноктор ошондой эле борбор калаанын 9 эң кыймылдуу кесилиштерин изилдөөгө да токтолушту", - деп жазылат билдирүүдө.