Жыйында Бакыт Төрөбаев менен Улан Бакасов кайым айтыша кетти

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Бакасов министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевди Нарын шаарындагы 5 чакырым жол салуу боюнча сөз бергенин, бирок аткарылбай турганын сындады.

"Өткөндө ушул жерден (Жогорку Кеңештен) Нарын шаарында 5 чакырым жолду асфальттоо боюнча сөз бергенсиз. Сөзүңүзгө турбайсызбы?", - деп кайрылды эл өкүлү.

Бакыт Төрөбаев сөз бербегенин айтып, айтылган сынга жооп кайтарды. "Акча каражат титулга кирген болсо жасайбыз дегенбиз" деп жооп берди.

Мындан тышкары Бакасов Төрөбаевди сөзүнө турууга чакырды.

Бүгүн Жогорку Кеңеште төрт министрликке, тагыраагы Билим берүү жана илим, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты, Энергетика жана Транспорт министрлеринин талапкерлиги каралып, жактырылды.

Жыйында Бакыт Төрөбаев менен Улан Бакасов кайым айтыша кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан