
Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтүүчү КМШ лидерлеринин бейрасмий жолугушуусуна Кыргызстандан мамлекеттик катчы
Сүйүнбек Касмамбетов жөнөтүлдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, саммит 7-октябрь күнү Константиновский сарайында өтөт.
Президент Садыр Жапаров иш графигине байланыштуу аталган жолугушууга барбайт.
"Орусия президенти Владимир Путиндин 70 жылдыгына байланыштуу өлкө башчынын куттуктоосун жеткирүү үчүн кыргыз тараптан мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.
КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин бейформал саммитинде уюмдун алкагында өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулоо, ошондой эле Орусия жана Тажикстандын президенттеринин юбилейлерин белгилөө пландалганы кабарланган.