Баткен жана Сох райондорунун акимдери жолукту

Баткен жана Сох райондорунун акимдери жолукту. Бул тууралуу райондук администрациянын басма сөз кызматы билдирет.
Маалым болгондой, Учкунбек Жоробаев менен Өзбекстандын Сох районунун жетекчиси Сайидбахром Саидмусаевдин жолугушуусу Кыргызстандын Боз-Адыр айылында жана Сох районунун Шархабад айылы чектешкен жеринде жолугушту.
Анда эки тарап чек аралаш аймактарда коомдук саясий абалды туруктуу кармоо тууралуу пикир алмашты. Мындан сырткары чек ара аймактарында чыр-чатактардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу, болтурбоо, соода-сатык, экономикалык, чарбалык ирригациялык жана эки элдин ортосунда ынтымакты бекемдөө боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Ошондой эле тараптар жайыт, суу жана башка орун алган маселелерди эки тараптуу макулдашып, тийиштүү органдар гана иштөө керектигин сүйлөшүштү. Мындан сырткары ага жергиликтүү калкты аралаштырбоо, окуяны ырбатпоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү макулдашты.
Сох району Өзбекстанга караштуу Кыргызстандын аймагында жайгашкан анклав болуп эсептелет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан