Бишкекке АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары келди

Бишкекке АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары келди. Бул тууралуу АКШнын Бишкектеги элчилиги маалымдады.

Кабарлангандай, АКШнын мамлекеттик катчысынын коомчулук менен байланыш жана маалыматтык саясат боюнча жардамчысы Элизабет Трюдо Кыргызстанга кечээ, 6-октябрда келген.

Сапар басма сөз эркиндигине, гендердик теңчиликке жана инклюзивдик экономикалык өнүгүүнү колдоого багытталганы айтылат.

Трюдо Бишкекке болгон сапарынын алдында Өзбекстанда болгон. Анда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин кызы Саида Мирзийоева жетектеген Масс-медиа фондун зыярат кылып, сүйлөшүү өткөргөн.

Ал Кыргызстандан кийин Непал, Бириккен Араб Эмираттарына иш сапары менен барат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан