10-октябрдан баштап кыргызстандыктар жогорулатылган пенсия алып баштайт. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.
Анда бул өзгөрүүлөр бардык пенсионерлерге тиешелүү экени айтылат.
"Пенсиянын базалык бөлүгү 1 780 сомдон 3 170 сомго чейин көтөрүлдү. Ал эми пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 15 пайызга жогорулады", - деп айтылат маалыматта.
Мурда 5 миң сом алып жүргөндөрдүн пенсиясына 1 843 сомдон кошулат.
Кыргызстанда пенсионерлердин саны 735 миңден ашат.