Оштун Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагында “Ак-Текс” пахтаны кайра иштетүү заводу ишке берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, заводдун негизги иш багыты Ош жана Жалал-Абад облустарынын дыйкандары өндүргөн пахтаны кабыл алуу, кайра иштетүү жана үрөндөн пахта майын жана мал чарбасы үчүн тоют (күнжара) өндүрүү болуп саналат.
Завод Түркия мамлекетинин ишкерлери менен бирге курулду. Анын сметалык баасы 80 миллион сомду түзгөн. Ал эми жалпы 1,5 гектарды түзөт. Кубаттуулугу суткасына 30 тонна пахтаны кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү бар.
"Ак-Текс” пахта заводунун негизги артыкчылыгы дыйкан фермерлерди эрте жазда, март-апрель айларында пахтанын сапаттуу үрөнү менен полиэтиленовый пленка, минералдык жер семирткич, ядохимикаттар менен камсыздайт", - деп айтылат маалыматта.