Өткөн айда пенсияга канча каражат жумшалганы айтылды

Январь-сентябрь айларында пенсия жана жөлөк пулга 40 миллиард 564 миллион 500 миң сом каржыланды. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.

Ага ылайык:

  • Бишкек шаары — 6 миллиард 622 миллион 800 миң сом
  • Чуй облусу — 6 миллиард 181 миллион 800 миң сом
  • Нарын облусу — 2 миллиард 883 миллион 200 миң сом
  • Ысык-Көл облусу — 3 миллиард 711 миллион 900 миң сом
  • Талас облусу — 1 миллиард 693 миллион 100 миң сом
  • Ош шаары — 1 миллиард 466 миллион 500 миң сом
  • Ош облусу — 7 миллиард 497 миллион 200 миң сом
  • Баткен облусу — 3 миллиард 469 миллион сом
  • Жалал-Абад облусу — 7 миллиард 39 миллион сом

Билдирүүгө ылайык, сентябрь айында 4 миллиард 485 миллион 600 миң сом пенсия жана жөлөк пулдарга жумшалган.

Маалымат үчүн: Кыргызстанда пенсионерлердин саны 735 миңден ашат. 10-октябрдан баштап кыргызстандыктар жогорулатылган пенсия алып баштайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан