Жапаров: "Бир кезде борбор калаада жаңы мектептер таптакыр курулбай калган учурлар болгон"

Бишкек шаарындагы №20 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин кошумча имаратынын ачылышы болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Ачылыш аземге Акылбек Жапаров да катышып, объекттин курулушуна – 347 миллион сом, ал эми техникалык жабдуусуна 13,2 миллион сом жумшалганын айтты.

Маалымдалгандай, жаңы конуштарга 5 мектеп салынган болсо, калган мектептерде кошумча имараттар курулду. Жалпысынан быйыл 5 айдын ичинде Бишкекке 15 мектеп, 1 бала бакча курулду.

"Бишкекке бир дагы мектеп курулбай калган учурлар болгону эсибизде, мисалы, 2011, 2013, 2014, 2016, 2019 жана 2020-жылдар. Демократиялык жарылуунун туу чокусу, эң чоң ички миграция жүрүп, бир да мектеп салынган эмес. Жаңы конуштарга дагы 7 мектепти куруубуз керек", - деди Жапаров.

Курулуш иштери быйыл 30-апрелде башталган. Мектеп үч кабаттан туруп, 500 орунга ылайыкташкан. Комплексте 20 окуу классы каралган.

Имараттын биринчи кабатында башталгыч класстар, хореографиялык зал, 285 чарчы метр болгон спорт зал жана ашкана бар.

Экинчи кабатта: башталгыч класстар, 110 орундуу 277 чарчы метр аянттуу жыйындар залы бар. Үчүнчү кабатта предметтик кабинеттер жана лабораториялар жайгашкан. Имараттын жалпы аянты 5035 чарчы метр. Мектептин аймагында футбол, баскетбол жана волейбол аянтчалары, чуркоо үчүн аянтча жана воркаут аянтчасы курулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан