Жекшембиде Бишкектин айрым көчөлөрү убактылуу жабылат (Тизме)

9-октябрда Бишкектин айрым көчөлөрү убактылуу жабык болот. Бул тууралуу калаа бийлигинен маалымдашты.

Билдирүүдө айтылгандай, саат 6:00дөн баштап “Ак илбирсти сактайлы” эл аралык жарышынын өтүшүнө байланыштуу марафондун катышуучулары чуркай турган көчөлөр тосулат.

Убактылуу жабыла турган көчөлөр:

Чүй кең көчөсү Манас кең көчөсүнөн Ю.Абдрахманов көчөсүнө чейин;
Абдрахманов (Совет) көчөсү Чүй кең көчөсүнөн Иманалиев көчөсүнө чейин;
Иманалиев көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Ч.Айтматова кең көчөсүнө чейин;
Масалиев көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Ч.Айтматов кең көчөсүнө чейин;
Айтматов көчөсү Иманалиев көчөсүнөн Чүй кең көчөсүнө чейин.

Шаардык мэрия келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана маршрутту алдын ала пландаштырып алууну суранат.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан