Бүгүн, 7-октябрда президент Садыр Жапаров Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Өлкө лидерлери кыргыз-орус эки жана көп тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, өлкөлөрдүн интеграциялык бирикмелердин алкагындагы өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты.
Садыр Жапаров Владимир Путинди 70 жылдык мааракеси менен жылуу куттуктап, ага чың ден соолук, бакубатчылык жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалады. Өз кезегинде Владимир Путин Садыр Жапаровго куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптардын түбөлүк союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духундагы эки тараптуу мамилелерди сапаттык жаңы деңгээлге чыгарууга даярдыгы белгиленди.
Өлкө лидерлери өз ара байланышты туруктуу негизде колдоону шартташышты.