Кечээ, 5-декабрда Бишкек ШИИБнин Ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын отличниги, милициянын отставкадагы подполковниги Усуп Нарбаев 74 жаш курагында дүйнө салды. Буга байланыштуу Бишкек ШИИББнин жетекчилиги, өздүк курамы, ардагерлер кеңеши анын үй-бүлөсүнө, туугандарына көңүл айтат.
Усуп Нарбаев 1940-жылдын 24-июлунда жарык дүйнөгө келген. Ал эмгек жолунда бир катар шаардык ички иштер бөлүмдөрүндө жетекчилик кызматтарда иштеген. Кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча ыкчам кызматкерлердин бир нече муунун тарбиялаган.