Эртең "Достук-автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктунда убактылуу чектөө киргизилет

Эртең, 8-октябрда “Достук-автожол” көзөмөл-өткөрүү пунктунда убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Чектөө аталган көзөмөл-өткөрүү жайынын инфраструктурасын капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки ачылыш аземине байланыштуу киргизилген.

Ага ылайык, 8-октябрда саат 10:00дөн 13:00гө чейин өткөрүү пунктунда жарандардын, транспорт каражаттарынын жана жүктөрдүн өтүүсү убактылуу токтотулат.

"Өткөрүү жайы толук модернизациядан өттү. "Достук-автожол" көзөмөл өткөрүү жайында чек ара көзөмөлүн тездетилген, жөнөкөйлөштүрүлгөн жана ошол эле учурда эффективдүү ишке ашыруу үчүн техникалык модернизациялоону, бизнес-процесстерди кайра карап чыгууну жана санариптик технологияларды киргизүүнү караган инновациялык долбоор ишке ашырылат", - деп айтылат маалыматта.
УКМКнын Чек ара кызматы жарандарды кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууга жана каттамды алдын ала пландаштырууга чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан