Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) Республикалык диагностикалык борборунун иши менен таанышты.
Маалыматына таянсак, учурда мекемеде оңдоо иштери жүрүп жатат. Академиянын эсебинен 21 миллион 115 миң 480 сомго медициналык жабдуулар жана медициналык буюмдар сатып алынган.
Белгилей кетсек, ушу жылдын апрель айында мурда Саламаттыкты сактоо министрлигинин карамагындагы диагностикалык борбор билим берүү максатында пайдалануу үчүн жогорку окуу жайдын оперативдүү башкаруусуна өткөрүлгөн.
Министрлер кабинетинин башчысы борбордун имаратын көрүп чыгып, бейтаптардын тиешелүү консультацияларды алуусу жана дарылануусу үчүн жагымдуу жана ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.