11-октябрда Бишкек шаарынын айрым аймактарында таза суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, таза суу саат 9:00дөн 22:00гө чейин берилбейт.
Анда Л.Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Муромская, Циолковский, Т.Фрунзе, Өмүракунов, Алыкулов, Ахунбаев, Гагарин, Торугарт көчөлөрүндө, Жумушчулар шаарчасында жана айыл чарба институтунда муздак суу берилбейт.
Ошондой эле Ак-Өргө, Ак-Ордо (түндүк бөлүгү Ахунбаев көчөсүнөн баштап), Теңир-Тоо (Ахунбаев көчөсүнүн төмөнкү бөлүгү) конуштары суусуз калат.
Мындай чектөө "Гагарин", "Түштүк-Батыш" суу алгычтарындагы жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу экени маалымдалды.
Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.