Директорлорду тандоо: Ошто сынактын II айлампасынан 108 талапкер өттү

Бүгүн, 7-октябрда Ош облусунда мектеп директорлорунун бош кызмат орундарын ээлөөгө компьютердик тестирлөөнүн II айлампасы өттү. Бул туурасында Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологиялардын улуттук борборунун маалыматында жазылат.
"Сынактын II айлампасына катышуу үчүн 408 талапкер документ жиберип, андан 332 адам тестирлөөгө катышуу укугун алган. 76 талапкер документтердин толук пакетин тапшырбагандыктан тестке катышуу укугу берилген жок. 22 талапкер сынакка келген эмес.
Тестирлөөгө 310 талапкер катышып, анын ичинен 108 талапкер 60 пайыздан жогору көрсөткүч менен босого баллдан өтүштү", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Ош облусу боюнча 177 бош орун бар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан