Бишкекте №20 мектеп гимназиясынын 500 окуучуга ылайыкталган окуу корпусу ачылды. Мэриядан билдиришкендей, ачылыш аземге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров катышты.
Кабарлангандай, жаңы үч кабаттуу комплексте 20 класстык бөлмө каралган. Имараттын биринчи кабатында башталгыч класстар, хореографиялык зал, 285 чарчы метр спорт зал жана ашкана жайгашкан.
Экинчи кабатта башталгыч класстар, 110 орунга ылайыкташтырылган 277 чарчы метр аянттагы актовый зал курулган. Үчүнчү кабатында предметтик кабинеттер жана лабораториялар каралган.
Окуу корпусунун аймагында футбол, баскетбол, волейбол аянтчалары, чуркоо жолу жана воркаут аянтчасы курулду. Мектепте көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлүп, 85 чырак орнотулган.