"Ынтымак 2" сейил багында ачык асман алдындагы китепкана ачылды

Бишкектеги "Ынтымак 2" сейил багында китеп сүйүүчүлөр үчүн ачык асман алдындагы китепкана ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул долбоор "Келечек" мамлекеттик жаштар платформасынын алкагында ишке ашууда.
"Мындай аракет шаардыктардын, анын ичинде жаштардын китепке болгон кызыгуусун ойготууга шарт түзөт. Китеп дүйнө таанымды кеңейтип гана тим болбостон, сөз байлыгыңды, жашоого болгон көз карашыңды өстүрүүгө өбөлгө болот", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан