Бишкектеги Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрында казак театрынын гастролу башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-октябрь күнү кечинде улуттук драма театрында Казакстандын И.Омаров атындагы Костанай облустук казак драма театрынын гастролу "Сұлтанның аты - сұлтан" комедиясы менен башталган.
"Боордош казак элинин чыгармачылык гастролу Бишкек шаарында үч күнгө уланат.
07.10.2022 - "Сұлтанның аты - сұлтан" комедиясы (реж. Б.Абдураззаков);
08.10.2022 - "Алжир" реквием (реж. Б.Шамбетов);
09.10.2022 - "Кішкентай адамның үлкен трагедиясы" комедиясы (реж. Б.Шамбетов).
Спектакль күн сайын кечки саат 18:30 башталат", - деп жазылат маалыматта.
Гастролдун максаты кыргыз-казак элинин ортосундагы кылымдардан бери келе жаткан достук байланыштарды мындан ары чыңдоо, улуттук театрдын өкүлдөрүнүн тажрыйба алмашуусуна көмөк көрсөтүү болуп эсептелери айтылат.