Тышкы иштер министрлигине Тажикстандын элчиси чакыртылды. Себеби

Бүгүн, 8-октябрь күнү Тышкы иштер министрлигине Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализода чакыртылды.

Мекемеден билдиргендей, анда ТИМдин басма сөз катчысынын Фейсбуктагы жеке комментарийине карата тажик тараптын расмий нааразычылыгы орунсуз экендиги айтылды.

"Кыргызстан демократиялык мамлекет экендиги жана өлкөнүн негизги мыйзамына ылайык ар бир жаран өз оюн эркин билдирүүгө укуктуу экени өзгөчө белгиленди.

Кыргыз тарап тажик тараптын жалган маалымат кампаниясын жүргүзүү үчүн тандап алган ыкмасы тескери натыйжа берээрин жана тынчтыкты, бейпилдикти сактоого салым кошпой турганын билдирип, улуттар аралык кастыкты козутпоону талап кылды. Ошондой эле кол коюлган протоколдордун алкагында өз милдеттерин так аткарууга чакырды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Чыңгыз Кустебаев Орусиянын президенти Владимир Путиндин тажик президенти Эмомали Рахмонду орден менен сыйлагандыгы тууралуу пикирин Фейсбук баракчасына жазган.

Буга байланыштуу кечээ, 7-октябрда тажик тарап Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаевге нота тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан