Садыр Жапаров Ташиев менен болгон учурдагы мамилесин айтты

Бүгүн, 9-октябрда президент Садыр Жапаровдун "Кабар" агенттигине берген кезектеги маеги жарыяланды. Анда өлкө башчы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен болгон достук мамилеси тууралуу комментарий берди.

"Биринчиден, экөөбүз эч качан урушпайбыз. Урушканга мен жол бербейм.

Экинчиден, "бийлик талашып жатат" деген калп сөз. Мен кандай буйрук берсем, дал ошондой кыйшаюусуз аткарат. Анткени мен жеке кызыкчылыгым үчүн кандайдыр бир иш жөнүндө буйрук бербейм. Бир гана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн болот.

Үчүнчүдөн, экөөбүздү уруштура албай эки жылдан бери түн уйкусу жок иштеп жаткан топтор бар. Баарын билебиз. Алар "Ташиев кадр чечип жатат. Ташиев президент болгусу келип жатат" дей беришсе эле мен аларга ишенип, кызганып Ташиевди кызматтан ала коймок белем. Мен бийликте канча отурсам, Ташиев дагы ошончо отурат. Эң негизгиси мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына каршы келген иштерди жасабасак болду", - деген президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Кж кж
2022-10-09 13:27:00
Во так Жана тушунуктуу жооп
-1
NURSAPAR
2022-10-09 13:59:00
Ичи күйгөндөр туз жалагыла!!!
-2
Antiradikal11
2022-10-09 18:13:00
Жакында экоо тен чогуу кочукко тебилип чогуу качат олкодон......
+1
Antiradikal11
2022-10-09 18:14:00
Издешпей табышкандар, бири Доопарас, экинчиси Аферист.......
+2
pochtalyonin
2022-10-10 00:49:00
Antiradikal11 Болду кылыңыз эми же ичиңиз күйүп жатса туз жалаңыз. Ал нерсеге да болбой жатса к*ттү кысыңыз ) үчүнчүсү бул сиздин оюңуз экенин унутпаңыз! урматтуу Далбаев АМтирадикал Кимсанбаевич
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан