"Эне тилге эки мүнөт" рубрикабызда кыргыз тили жана адабияты мугалими Нурислам Эргешалиев "көз акы", "майын чыгаруу" жана "терисин тескери сыйруу" фразеологизмдеринин маанисин түшүндүрүп берди.
Көз акы - Кандайдыр бир ишти же бир нерсени көрүп-билип жүргөндүгү, же ал иштин жакшы натыйжалуу болушуна тилектештиги, ниети туура экендиги үчүн тиешелүү деп эсептелген үлүш. Мисалы: "Чеченде жалпынын сөз акысы бар, байда кедейдин көз акысы бар" (макал).
Майын чыгаруу - Колуна алган ишин абдан сапаттуу кылып аткаруу, жерине жеткире иштөө, мыкты иштей билүү. Мисалы: "Езефтин аялы көп сүйлөбөгөн, жай кыймылдап, бирок иштин майын чыгарган неме".
Терисин тескери сыйруу - Катуу кордук көрсөтүп жазалоо, сазайын колуна берүү деген мааниде. Мисалы: "Эгер Кукем менен Токтор аке болбосо териңди тескери сыйрат элем, күчүк", - деп Алымкулга окурая карады (Абдукаримов).