Айдоочуларга эскертүү. Эртең Боом капчыгайында таш кулатуу иштери башталат

Боом капчыгайында 10-октябрдан 14-октябрга чейин таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул жөнүндө "Кыргыз темир жолу" ишканасы маалымдады.
Мекеменин маалыматына ылайык, Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 129-чакырымында (Боом капчыгайы, темир жолдун 3899-чакырымы) таштарды түшүрүү иштери аткарылат.
Буга байланыштуу трасса эртең мененки саат 9дан түшкү 3кө чейин маал-маалы менен жабылып турат.
"Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге гана багытталат. 30-40тан ашык унаанын топтолгон учурда таштарды түшүрүү иштери токтотулуп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет", - деп билдиришти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан