Жогорку Кеңештин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Жеңишбек Токторбаев Орусиянын президенти Владимир Путинге кат жолдоду. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасына жарыялады.
"Белгилүү болгондой, орус тили Конституцияда бекемделген жана Кыргызстанда расмий тил болуп саналат. Биздин өлкөдө көптөгөн орус тилдүү адамдар жашайт, алардын укуктарын биз урматтайбыз жана жашообуздун бардык чөйрөсүндө коргоону камсыз кылабыз. Биздин мамлекет, кыргыз элибиз сиздерге өзгөчө урмат-сый менен мамиле кылат. Менин кайрылуумдун себеби – шектенүү, таң калуу, тынчсыздануу. Сиз жакында эле Тажикстандын президенти, агрессор Эмомали Рахмонду ушул жылдын сентябрь айында биздин аймакка басып киргенден кийин дароо эле “Аймактык туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылгандыгы үчүн” III даражадагы “Мекенге сиңирген эмгеги үчүн” медалы менен сыйладыңыз. Буга чейинки сыйлык өткөн жылы “Мамлекеттер ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү жана кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн” медалы да 2021-жылдын апрель айында Кыргызстанга жасалган куралдуу агрессиядан кийин эле берилген”, - деп жазат эл өкүлү.
Мындан сырткары депутат кыргыз эли Тажикстандын Кыргызстанга агрессивдүү куралдуу киришинен кийин Путиндин Рахмонду орден менен сыйлап жатканын түшүнө албай турганын айткан.
"Көптөгөн аскер кызматкерлери жана карапайым тургундар каза болду, 700дөн ашык үй өрттөлдү, 10 миңден ашуун адам үй-жайсыз калды, алар жашаганга жер жок, алдыда кыш келе жатат. Сиздин аракеттериңиз эрксизден агрессор менен сиздин ортоңузда кандайдыр бир жашыруун сырдын таасирин жаратат. Мен бул жөн гана кокустук, мыйзамдуулук эмес экенине ишенгим келет", - деди Токторбаев.
Эскерте кестек, 4-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмонду III даражадагы "Мекенге сиңирген эмгеги үчүн" ордени менен сыйлаган.