Каржы министрлиги: 2014-жылы социалдык коргоо үчүн 4 миллиард сомдон ашпаган каражат бөлүнөт

Бишкекте бүгүн, 6-декабрдагы “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында КРнын каржы министри Ольга Лаврова “2014-жылы социалдык коргоо үчүн 4 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнбөйт” деп билдирди. 

Анын айтымында, 2014-жылы саламаттыкты сактоо тармагына 100 миллиард сомдон ашпаган каражат берилет. 

“Билим берүү министрлигине 13 миллиард сомдон ашык акча бөлүнбөйт. Мындан сырткары мектептердеги балдардын тамак-ашына бөлүнгөн каражатты көбөйттүк. Социалдык кызматкерлердин айлык маянасын 60 миллион сом жана санариптик телеберүүгө өтүү үчүн 100 миллион сом бөлүндү. Мамлекеттик эмес түзүмдөрдүн айлык акысын көтөрүү маселеси курч турат. Бул үчүн 2 миллиард сом талап кылынат. Мындай каражатты кайдан алыш керектиги азырынча белгисиз”,- деди Лаврова.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан