Садыр Жапаров менен Владимир Путин Астанада жолугушат

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путин Астанада жолугушат. Бул тууралуу Риа Новости жазды.

Маалымдалгандай, Путин КМШ мамлекет башчыларынын Санкт-Петербургдагы бейформал жолугушуусунун алдында Садыр Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Астанадагы саммитте жолугушууну макулдашкан.

Өткөн жума күнү, 7-октябрда Санкт-Петербургда КМШ мамлекет башчыларынын бейформал саммити өттү. Садыр Жапаров ага катышкан эмес. Расмий саммит ноябрдын орто ченинде Казакстандын Астана шаарында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан