Канадада Назгүл Айткулова ханыша Елизавета II'нин Платиналык юбилейинин медалы менен сыйланды

Канада өлкөсүндөгү Кыргыз Ассоциациясынын президенти Назгүл Айткулова ханыша Елизавета II'нин Платиналык юбилейинин медалы менен сыйланды. Бул тууралуу аталган өлкөдөгү Кыргыз Ассоциациясынын Фейсбук баракчасына жарыяланды.

"Лидерибиздин Канада менен Альбертанын (Канададагы провинция) өнүгүшүнө чоң салым кошкон инсандардын катарына киргенине биз абдан сыймыктанабыз. Назгүл Айткулова Альбертанын өкмөтүндө 2012-жылдан бери иштеп келет. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде ал табигый кырсыктарды (өрт, суу ташкыны) көзөмөлдөп, күнү-түнү Альбертанын жашоочуларынын коопсуздугу жана бейпилдиги үчүн кам көргөн. Учурда Балдар иштери боюнча министрликте Өзгөчө кырдаалдарды башкаруу жана коопсуздук кызматынын курамында иштейт.

15 жылдан бери ал Эдмонтондогу (Альберта провинциясынын борбору) көптөгөн коомдук жана маданий уюмдарда ыктыярчы болуп, жергиликтүү жана федералдык бийлик органдарынын депутаттары менен кызматташып келет. Канададагы кыргыздардын ассоциациясын жетектеп, кыргыз маданиятын жана Канададагы мекендештерибиздин кызыкчылыктарын коргоо менен алектенет.

Маалымат үчүн: Ханыша Елизавета II'нин Платиналык юбилейлик медалдын актысы 2022-жылдын 22-февралында Альбертанын Мыйзам чыгаруу жыйынына киргизилген жана ошол жылдын 24-мартында падышалыктын макулдугун алган. Мыйзамда коомго олуттуу салым кошкон Альбертанын жашоочуларын сыйлоо үчүн медалды түзүү камтылган. Медаль ээлери үчүн үч минималдуу критерий белгиленген; талапкер медаль тапшырылган учурда Альберта менен чыныгы байланышы бар Канаданын жараны же туруктуу жашоочусу болушу керек; Канаданын, Альбертанын же Альбертадагы белгилүү бир аймактын же коомчулуктун өнүгүшүнө олуттуу салым кошушу керек.

Аталган медаль менен ар 10 жылда бир сыйлоо каралган. Акыркы сыйлоо 2012-жылы болгон", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан