Жогорку Кеңештин комитети кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимди карайт. Жыйынга телефон менен кирүүгө тыюу салынды

Бүгүн, 10-октябрь саат 11:00дө Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасын демаркация жана делимитациялоо маселесин карайт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, жыйынга телефон менен кирүүгө тыюу салынды. Жыйындар залына кирерде ар бир катышуучунун мобилдик аппараты алынууда.

Буга чейин президент Садыр Жапаров маегинде: "Жогорку Кеңештин комитетинде жабык эмес, ачык карагыла жалпы эл көрсүн, билсин" деп буйрук бердим. Көргөндөн кийин жалпы эл бизге алкыш айтып, бата гана берерине толук ишенем", - деп айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан