Эртең, 11-октябрь күнү Азербайжандын президенти Илхам Алиев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирет.
Маалым болгондой, сапардын алкагында президент Садыр Жапаров менен Илхам Алиев эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле аны мындан ары өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашат.
Сапардын жүрүшүндө мамлекеттер аралык кеңештин биринчи жыйынын өткөрүү да пландалууда.
Мындан тышкары алдыдагы мамлекеттик сапардын алкагында "Кыргызстан-Азербайжан достугу" сейил багынын, ошондой эле Гейдар Алиев жана Низами Гянджеви атындагы жалпы билим берүү мектептеринин ачылышы болот.