Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык байланыштар, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында кыргыз-өзбек чек арасындагы делимитация маселеси каралууда.
Анда эл өкүлү Мирлан Самыйкожо жыйынга катышкандарга аудио, видео жаздыруучу жабдыктарды жана уюлдук телефон алып кирүүгө тыюу салынуусуна каршылыгын билдирди.
"Эмне үчүн чектөө болуп жатат? Мыйзам бийикпи же буйрукпу? Үч депутат бир сааттан бери кире албай жатат. Конституцияда Жогорку Кеңештин депутаты тинтүүгө алынууга мүмкүн эмес деп жазылып турат. Бул эмне деген сыйлабастык, парламенттин үстүнөн басмырлоо? Мындай болбошу керек. Башмыйзам менен жашайбызбы же буйрук менен жашайбызбы? Өлкө башчы ачык өтсүн деп буйрук берген же эмне президенттин үстүндө дагы президент барбы?", - деди Самыйкожо.
Белгилей кетсек, жыйынга телефон менен кирүүгө тыюу салынган.
Буга чейин президент Садыр Жапаров маегинде: "Жогорку Кеңештин комитетинде жабык эмес, ачык карагыла жалпы эл көрсүн, билсин" деп буйрук бердим. Көргөндөн кийин жалпы эл бизге алкыш айтып, бата гана берерине толук ишенем", - деп айткан.