Кыргызстанда
журналисттерди даярдаган университет ачылат. Бул тууралуу КРнын маданият,
маалымат жана туризм министри Султан Раев бүгүн, 6-декабрда Бишкекте өткөн
маалымат жыйында журналисттерге билдирди.
Министрдин
айтымында, учурда ар бир экинчи жогорку окуу жай журналист кесибине
окутат. Алардын көпчүлүгүндө жогорку квалификациялуу мугалимдер жок. Мунун
жыйынтыгында окуу жайлардан квалификациясы төмөн жана профессионал эмес
кадрлар чыгууда.
Ошондой эле Султан
Раев журналисттерди даярдаган окуу жайдын ачылышы өтө алыс эмес убакытта экендигин кошумчалады.