Микрокоруктарды жана жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү жана алардын иштөө тартиби бекитилди. Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынды.
Аталган чечим "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" мыйзамдын 23-1-беренесин ишке ашыруу максатында кабыл алынган жана жергиликтүү деңгээлде биологиялык ар түрдүүлүктү жана экосистемаларды сактоону жана көбөйтүүнү талап кылган көптөгөн жаратылыш объекттерин коргоо боюнча иш-чараларды туруктуу өнүктүрүү үчүн зарыл укуктук базаны түзүүгө багытталган.
Белгилей кетсек, кабыл алынган документ жергиликтүү маанидеги микрокоруктарды жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү жана алардын иштөө тартибин жөнгө салат, аларды түзүү жөнүндө чечимдер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чегинде кабыл алынат.