Президент Садыр Жапаров 12-14-октябрда Астана шаарында бир катар жогорку деңгээлдеги эл аралык иш-чараларга катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
“Сапардын алкагында 13-октябрда мамлекет башчысы Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин 6-саммитине катышат", - дейт Азымбакиев.
Мындан сырткары 14-октябрда ал Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.
Ошол эле күнү Президент Садыр Жапаров “Борбор Азия – Орусия" форматындагы 1-саммитке катышат.
Маалым болгондой, Астана шаарындагы эл аралык иш-чаралардын алкагында өлкө лидерлери Азия регионундагы коопсуздук жаатында кызматташуу, КМШ алкагында соода-инвестициялык өнөктөштүк, “Борбор Азия - Орусия” форматында өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашат.