"Кемпир-Абад" суу сактагычы эки өлкөнүн башкаруусуна өтөт

"Кемпир-Абад" суу сактагычы эки өлкөнүн башкаруусуна өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин эл аралык байланыштар, коргоо жана миграция боюнча комитетинин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, келишимге ылайык суу сактагычтын алдындагы 4 485 гектар жер Өзбекстанга өтсө, анын ордуна компенсация катары Кыргызстанга 19 миң гектардан ашык жер өтөт.

"Кемпир-Абадды кыргыз-өзбек эки тараптуу башкаруу үчүн келишим түзүлөт. Биргеликте башкаруу үчүн 8 кишиден (кыргыз тарап 4, өзбек тарап 4) турган ишкана болот. Мындан тышкары суу сактагычта жарандарыбыз балык уулап, мал жандыктарын кенен сугара алышат", - деди Ташиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zhaynak
2022-10-10 15:14:00
Тынар менен Борончунун интермедиясы эске тушот
+2
Antiradikal11
2022-10-10 15:27:00
Кумтордогудой болот да. Кумтордо 25 жыл кыргыз тараптан директорлор иштеп качан жана кайсы бири Кыргызстандын пайдасы учун иштеди эле?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан